Silk Way Star: Астанада Азиянын эң мыкты "үндөрү" чогулуп, жеңүүчү аныкталды
Казакстандын борбору Астанада Азиядагы алгачкы вокалдык теледолбоор Silk Way Star өз жыйынтыгына келип, гранд-финал миллиондогон көрөрмандардын көз алдында өттү. Он чыгарылыш бою Азия өлкөлөрүн бириктирген бул шоу финалдык кечеде да көрүүчүлөрдү ар улуттун маданияты, обону жана үнү аркылуу дагы бир жолу таң калтырды.
Гранд-финалдын маанисин арттырган учур - Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий куттуктоо кайрылуусунун окулушу болду. Аны өлкөнүн мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин жарыялап, шоу Азия өлкөлөрүнүн достугун, маданий байланыштарын бекемдөөдө маанилүү платформага айланганын баса белгиледи. Президент өз кайрылуусунда Silk Way Star’ды "элдерди жакындаткан, маданий дипломатиянын жаркын мисалы" катары сүрөттөдү.
Финалга жеткен жети катышуучу Армениядан, Грузиядан, Казакстандан, Кытайдан, Монголиядан, Өзбекстандан жана Малайзиядан келди. Ар бир артист өз элинин тилиндеги ырды өзгөчө сахналык чечимдер, визуалдык эффекттер жана казакстандык стилисттер даярдаган көркөм образдар менен коштоп, улуттук стилди заманбап форматта сунуштады.

Гранд-финалдын кульминациясы - Казакстандын эл артисти Димаш Кудайберген жеңүүчүнү атады. Эң мыкты аткаруучу деп Монголиядан келген Мишээл Джозефти табылды. Сыйлыкты TeleRadiokomplex менен China Media Group өкүлдөрү тапшырды.

Бул долбоордо Кыргызстандын да желеги желбиреп, ырчы Tamga сахнага чыгып, өлкөнүн атынан мыкты деңгээлде өнөр көрсөттү. Ал калыстарга, уюштуруучуларга, күйөрмандарга жана чет жактан колдогон мекендештерине ыраазычылык айтып, сынактын ага берген тажрыйбасын өзгөчө баалады.

Tamga’нын чыгышына белгилүү казакстандык ырчы жана калыс Сакен Майгазиев атайын токтолуп, анын тандаган "Желкілдек" аттуу ырын "татаал, ритми өзгөрмө жана профессионалдык вокалды талап кылган чыгарма" деп мүнөздөдү. Анын айтымында, көпчүлүк казакстандык ырчылар бул ырды атара беришпейт. Ошондой эле, Майгазиев аталган ырды келечекте репертуарына кошуп алса болорун кошумчалады.
Silk Way Star жасаган финалдык шоу ар улуттун музыкасын бир сахнада бириктирип, Азиянын чыгармачылык мейкиндигин кеңейтүүгө багытталган долбоор катары бааланды. Жеңүүчү калыстардын баасы жана көрүүчүлөрдүн онлайн добуш берүүсү аркылуу аныкталды. Финал Jibek Joly телеканалында, ошондой эле Азербайжан, Тажикстан, Кыргызстан жана Монголиянын телеканалдарында түз эфирден көрсөтүлдү.

0

Супер-Инфо
super.kg видео















