Мурдагы директор бар... Мамлекеттик кызматкерлер кармалышты
"Кызмат" мамлекеттик мекемесинин (мурунку Калкты каттоо департаменти) мурдагы директору, Бишкектин Биринчи Май районунун "Калкты тейлөө борборунун" башкы адиси, Бишкектин Октябрь районунун "Калкты тейлөө борборунун" жетектөөчү адиси, "Кыргыз почтасы" ишканасынын кызматкери жана аларга ортомчулук кылган жаран кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, алар системдүү түрдө пара алуу боюнча мыйзамсыз схема уюштурушкан. Тагыраагы, "Калкты тейлөө борборлоруна" кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерден көрсөткөн кызматтары үчүн мыйзамсыз акча каражаттарын алып турушкан.
"Шектүүлөр ортомчуларга кардарларды таап, аларга документтерди тариздөө иштерин кезексиз, кыска убакта бүтүрүп берүүнү сунушташкан. Бул үчүн алар көрсөтүлгөн кызматтардын мүнөзүнө жараша 100 доллардан 10 миң долларга чейинки акчалай сыйлык талап кылышкан. Андан соң мыйзамсыз алынган акча каражаттары аталган топтун катышуучуларынын арасында бөлүштүрүлгөн",- деп айтылат маалыматта.
Билдирүүдө шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкени кошумчаланды.
Коррупцияга шектелип мурдагы жана азыркы мамлекеттик кызматкерлер кармалышты
0

Супер-Инфо
super.kg видео















