Жапаров менен Путин бир катар документтерге кол коюшту (тизме)
Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ынтымак-Ордодогу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Алар билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында өз ара аракеттенүүнү арттырууга багытталган.
Эки өлкөнүн лидерлери бүгүн, 26-ноябрда Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
- Экономика жана коммерция министрлиги менен Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин ортосундагы стратегиялык пландоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Министрлер кабинети менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы жана Орусиядагы ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Орусиянын туңгуч президенти Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу;
- Министрлер кабинети менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Саламаттык сактоо министрлиги менен Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кардиология жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы 2017-жылдын 20-июнундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
- “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому менен “Россия почтасы” акционердик коомунун ортосундагы ниеттер жөнүндө макулдашуу.
Жапаров менен Путин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту
Жапаров менен Путин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту 1
Жапаров менен Путин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту
Путиндин Кыргызстанга сапары. Кандай документтерге кол коюлду?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:40
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















