Путин "Номад ТВ" телеканалынын ачылышына токтолду
Бүгүн, 26-ноябрда Ынтымак Ордодо Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаров менен биргеликте берген маалымат жыйынында "Номад" телеканалынын ачылышына токтолду.
"Биздин Бишкекке болгон сапарыбыздын алдында Кыргызстанда орус тилиндеги жаңы "Номад ТВ" телеканалы көрсөтүлө баштаганы символикалуу",- деди Орусиянын лидери өз сөзүндө.
Айта кетсек, Садыр Жапаров менен Путин Ынтымак-Ордодо кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Путин Бишкекке кечээ, 25-ноябрда келген.
Путин "Номад ТВ" телеканалынын ачылышына токтолду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:12
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















