Электрондук эмгек китепчени эми "Түндүк" тиркемесинен көрүүгө болот
Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси жана “Түндүк” ачык акционердик коому менен биргеликте электрондук эмгек китепче “Түндүк” мобилдик тиркемесине чагылдырды.
Электрондук эмгек китепче “e-Kyzmat” системи менен иш алып барган уюмдардын кызматкерлери үчүн жеткиликтүү.
Электрондук эмгек китепчени көрүү үчүн жарандар “Түндүк” мобилдик тиркемесине кирип, “Маалымкаттар” бөлүмүн ачып, “Электрондук эмгек китепчесинен көчүрмө” кызматын тандап, өтүнмө жибериши керек. Өтүнмө дароо иштелип чыгып, электрондук документ түрүндө чыгат.
"Бул жаңылык жарандар үчүн кызматтык маалыматтарды ыкчам жана ыңгайлуу алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптештирилишин кеңейтүүгө багытталган",- деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















