Депутаттыкка талапкердин үгүтчүсү, анын уулу жана бир жаран кармалды
Бишкекте шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелгендер кармалышты. Бул тууралу шаардык милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочуларды сатып алуу) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлназ Халилованын расмий үгүтчүсү болгон 43 жаштагы жаран, анын 22 жаштагы уулу жана Чыгыш-5 кичи районунун үй комитетинин 61 жаштагы төрайымы кармалган.
Тактап айтканда, 43 жаштагы шектүүгө ноябрь айынын башында бир киши акы төлөнүүчү үгүтчү катары иштөөнү сунуш кылган. Мындан улам талапкердин штабында ал жана анын уулу келишим түзүп, ар бири 20 миң сомдон алышкан. Алган каражаттарга алар 12 шайлоочунун тизмесин түзүп, ар бир добуш үчүн 2000 сомдон тарата башташкан.
Үгүтчүнүн батиринде жүргүзүлгөн тинтүүдө 80 миң доллар, 116 миң сом, штабдан алынган 29 500 сом, ошондой эле Чыгыш-5 кичирайонунан шайлоочуларынын тизмелери табылып, далил катары алынган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Бишкек милициясы Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Халилованы кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу сунуштама жөнөтүлгөнүн кошумчалады.
Айта кетсек, Гүлназ Халилова №24 шайлоо округунан катышууда.
Депутаттыкка талапкердин үгүтчүсү, анын уулу жана бир жаран кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















