super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

WhatsApp колдонуучулардын жайгашкан жерлерин жашыруун сактаары айтылууда

 

Санарип коопсуздук адиси WhatsApp колдонуучулардын жайгашкан жерлерин жашыруун сактайт деген дооматтарды билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, Элорум Дэниел iPhone 12 Pro Max түзмөгүнө жүргүзгөн криминалдык-техникалык анализинде WhatsApp'тагы кат алышууларда сүйлөшкөн адамдын жайгашкан жерин көрсөтүп жатканын айтты. Анын билдиришинче, мындай маалыматты эки тарап тең бөлүшпөсө да, телефон автоматтык түрдө жазып алган.

Адис WhatsApp топтору боюнча бардык маалыматтар – топту ким түзгөнү, качан түзүлгөнү жана кимдер кирип-чыкканы колдонуучу топтон чыкса да сакталары мүмкүн экенин кошумчалады. Ошондой эле телефондогу ар бир фото, видео жана скриншот түзүлгөн учурдагы так GPS-координаттарды камтып, бул маалыматтар тергөөдө колдонулушу ыктымалдыгын белгиледи.

AA агенттиги компаниядан түшүндүрмө сураганда, WhatsApp колдонуучунун кызматты кантип пайдаланганына жараша маалымат чогултарын айтып, айрым функциялар кошумча уруксат талап кыларын билдирди. Бирок компания колдонуучунун уруксатысыз жайгашкан жер чогултат деген айыптоолорго түз жооп берген жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: