super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Николас Мадуро АКШны Боливардын кылычы менен коркутту

 

Венесуэла президенти Николас Мадуро Каракаста АКШнын өлкөнүн ички ишине кийлигишүүсүнө каршы багытталган ири митинг өткөрдү. Бул тууралуу Sky News жазды.

Мадуро элге кайрылуусунда өлкөнүн улуттук баатыры Симон Боливардын кылычын колуна кармап сүйлөдү.

"Азаттык жана Боливардын желеги менен кылычы" деп аталган митингге миңдеген венесуэлалыктар катышты. Жарандардан тышкары полиция кызматкерлери, аскерлер жана кошуун мүчөлөрү да иш-чарага катышты.

Иш-чаранын соңунда аскерлер президентке тарыхый деп саналган кылычты тапшырышты. Тарыхчылардын айтымында, бул кылычты Симон Боливар Перу өлкөсүн испан эзүүсүнөн бошоткону үчүн сыйлык катары алган.

"Мен бул кылычты 200 жылдан кийин бүтүндөй Түштүк Америкага жеңиш алып келчү азаттык күчү катары кабыл алам! Кылыч тирүү жана Латын Америкасы боюнча алдыга баратат! Боливарга жана анын куткаруучу кылычына даңк!" — деп кыйкырды Мадуро кылычты көтөрүп.

АКШ сентябрь айынан бери Венесуэлага таандык кемелерге Кариб деңизинде "баңгизат сатууга тиешеси бар" деген негизде сокку жасаоодо. The New York Times 19-ноябрда жазгандай, Дональд Трамп Венесуэла бийлигине басым кылуу, анын ичинде өлкө аймагында жашыруун операцияларды жүргүзүү планын колдогон. Reuters да АКШ Мадурону бийликтен кетирүү аракетин караштырып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: