super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Лукашенко Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү Минскте өткөрүүнү сунуштады

 

Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусия менен Украинанын ортосундагы келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Минскти мүмкүн болгон аянтча катары атады. Бул тууралуу Лукашенко бүгүн, 26-ноябрда, Бишкекте Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда билдирди.

"Эгер сиздер Минскке кайра келүүнү кааласаңыздар, анда ал орун ылайыктуу болот. Биз дайым даярбыз", — деди Беларус лидери. Ал Беларустун аймагында Москва менен Киевдин алгачкы байланыштары өткөнүн эске салды.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Беларус менен Түркияны орус жана украин тараптарынын сүйлөшүүлөрүндө ортомчу болууга эң ылайыктуу өлкө экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: