super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гонконгдо 4 миң адам жашаган турак жай комплексинде өрт чыкты 

 

Гонконгдо 4 миң адам жашаган турак жай комплексинде өрт чыгып, натыйжада 11 тургун жана бир өрт өчүрүүчү каза болду. Бул тууралуу South China Morning Post жазды.

Жабыркагандардын айтымында, имараттарда өрт сигнализациясы иштеген эмес.

Өрт комплекстин төрт кварталын каптап, жалпы 1984 батир күйгөн. Полициянын маалыматына караганда, кеминде эки адам күйүк алып, 16 адам жабыркаган.

Маалым болгондой, бул райондо жашаган тургундардын бири компаниянын жетекчилигине бир нече жолу курулуштун сапаты начар экенин айтып даттанган. Анын айтымында, имараттарда өрт сигнализациясы орнотулган, бирок өрт учурунда ал иштеген эмес. Өрттүн так себеби азырынча белгисиз.

Басылманын маалыматы боюнча, бул Гонконгдо 17 жыл ичинде биринчи жолу бешинчи категориядагы өрт болуп эсептелет. Буга чейинки ири өрт 2008-жылы болгон. Анда Монг-Кокто караоке-бар жана түнкү клубда чыккан өрттөн төрт адам каза болуп, 55 адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: