Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке келди
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
“Манас” эл аралык аэропорттон Эмомали Рахмонду министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:12
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















