ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары "Ала-Арча" резиденциясында этномаданий программа менен таанышты (фото)
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында, бүгүн, 26-ноябрда, уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары үчүн Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыскача этномаданий программа тартууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жогорку даражалуу конокторду кыргыз элинин салттуу турмушу менен маданиятынын элементтери көрсөтүлгөн “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси менен тааныштырышты. Анын ичинде боз үйлөрдүн жасалгасы, улуттук турмуш-тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин эмгектери, ошондой эле уюмга катышуучу-мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кыргыз элинин сый-урматынын жана меймандостугунун символу катары колго жасалган панно жана улуттук музыкалык аспаптарды тартуу кылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















