Австралияда өспүрүмдөр социалдык тармактарды тыюу салууга каршы сотко кайрылышты
Австралияда 15 жаштагы Ной Жонс жана Мейси Нейланд 16 жашка чейинкилерге социалдык түйүндөрдү колдонууга салынган тыюу Конституцияга каршы келерин айтышып, өлкөнүн Жогорку Сотуна кайрылышты. Бул тууралуу Reuters басылмасы Digital Freedom Project долбооруна таянып жазды.
2024-жылы Австралия парламенти 16 жашка толо элек балдарга жана өспүрүмдөргө соцтармактарды колдонууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Мыйзам 10-декабрда күчүнө кирет, андан кийин өлкөдөгү миллионго жакын өспүрүмдүн аккаунттары, анын ичинде YouTube жана TikTok тиркемесиндеги баракчалары өчүрүлүшү керек.
Digital Freedom Project өкүлдөрү мындай чектөө өспүрүмдөрдүн сөз эркиндигин жана онлайн пикир билдирүү укугун бузат деп эсептешет. Алардын айтымында, бул саясий көз карашты айтканга да тоскоолдук жаратат.
Эске салсак, буга чейин Австралияда 16 жашка чейинкилерге социалдык тармак колдонууга тыюу салынары алдында Instagram, Facebook жана Threads 13-15 жаштагы колдонуучуларга аккаунттары өчүрүлөрүн эскерткен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















