Маколей Калкин "Үйдө жалгыз" тасмасында Кевиндин ролун аткарууга даяр экенин айтты
Белгилүү актёр Маколей Калкин "Үйдө жалгыз" франшизасынын уландысында Кевиндин ролун аткарууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу Variety журналы жазды.
Актёрдун айтымында, эгер тасманын уландысы талапка ылайык жасалса, ал кайрадан белгилүү каарманды ойноого даяр. Мындан тышкары Калкин жаңы фильм үчүн өзүнүн концепциясы да бар экенин айтты.
"Үйдө жалгыз" франшизасы Калкинди 1990-жылдардын жылдызы кылган. Биринчи фильм дүйнө жүзү боюнча 476 миллион доллар киреше тапкан. 1992-жылы актёр "Үйдө жалгыз-2: Нью-Йорк" аттуу уландыда да роль жараткан. Ал эми тасманын режиссёру Крис Коламбус тасманы улантууга каршы чыгып, биринчи эки бөлүктүн ийгилигин кайталоо мүмкүн эмес экенин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















