super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Оор жаракат алышкан". АКШда белгисиз жаран эки аскерге ок чыгарды 

 

АКШнын борбору Вашингтондо белгисиз жаран Улуттук гвардиянын аскерлерине ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя Ак үйдөн бир нече квартал алыстыкта болгон. Октон жарадар болгон эки аскер ооруканага жеткирилип, дарыланууда. АКШнын Коргоо министрлиги алардын абалы оор экенин, шектүү кармалганын билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп ок чыгарган адам дагы жарадар болгонун жана ал катуу жаза ала турганын жазды.

"Улуттук гвардиянын эки аскерин аткан, экөө тең оор жаракат алып, ооруканада. Ок чыгарган адам дагы ок жеп, оор жаракат алган. Бирок буга карабастан ал өзүнүн оор жазасын алат",- деп жазды Трамп Truth Social социалдык баракчасына.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: