2026-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын оту жандырылды
Грецияда 2026-жылы Италияда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын оту жанды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Грециянын президенти Константинос Тасулас, 2026-жылкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Жованни Малаго жана Уюмдун ардактуу президенти Томас Бах катышкан.
Олимпиада оюндарынын оту эми 10 миң спортчунун колунан өтөт, алар 63 күндө 12 миң чакырымды басып, Греция аркылуу Италияга барат.
Белгиленгендей, Олимпиада оюндарынын отун жандыруу аба ырайына байланыштуу стадиондон археологиялык музейге көчүрүлгөн. Олимпиада отунун эстафетасы 6-февралда Миландагы Олимпиада стадионунда жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















