Качып кутулган... Жалал-Абадда такси айдоочусун муунтуп, токмоктогон жигиттер кармалышты
Жалал-Абадда 19 жана 17 жаштагы жигиттер каракчылыкка шектелип кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар 13-ноябрда саат 23:50 чамасында Сузактан Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын 18 жаштагы айдоочусунан Шамалды-Сай шаарына жеткирип коюуну суранышкан. Такси кызматын аркалаган жигит макул болуп аларды алып жөнөгөн. Бирок Бүргөндү айыл аймагына жеткенде арткы орундукта отурганы аны жип менен муунтун, экөөлөп ур-токмокко алышып, колу бутун байлап, өздөрү унааны Бишкек шаарын көздөй айдап жөнөшкөн.
Суусамырга жетишкенде унаанын дөңгөлөктөрү жарылып, эки бала уктап калган. Учурдан пайдаланып жабырлануучу качып, жолдон жүк ташуучу унаа менен Токтогул районуна жеткен жана ал жактан милицияга кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Чүйдүн тургундары кармалышкан. Алар Жалал-Абаддын Ноокен райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынышкан.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Качып кутулган... Жалал-Абадда такси айдоочусун муунтуп, токмоктогон жигиттер кармалышты
0

Супер-Инфо
super.kg видео















