super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кытайда поезд жумушчуларды сүзүп кетип, 11 адам каза болду 

 

Кытайдын Куньмин шаарында сейсмикалык жабдууларды сынап жаткан поезд жолдо жүргөн курулушчуларды сүзүп кетип, 11 адам каза болду. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, кырсыктан дагы эки адам жаракат алып ооруканага жаткырылган.

Аталган окуядан кийин темир жол администрациясы дароо өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу планын ишке киргизип, жергиликтүү бийлик менен биргеликте куткаруу иштерин баштаган.

Учурда станцияда кыймыл калыбына келтирилип, тиешелүү мекемелер кырсыктын себептерин аныктоо үчүн иликтөө иштерин баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: