Айсулуунун өлүмү: Шектүүнүн мурунку ишин карагандар бир айга камакка алынышты
17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалган Кумарбектин мурда жасаган кылмыш ишин караган Бишкек шаардык сотунун мурдагы 3 судьясы, прокурор жана шектүүнүн мурдагы адвокаты 20-декабрга чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 2 күн мурун, тагыраагы, 25-ноябрда чыккан. 3 сот Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелери боюнча айыпталып жатса, прокурор жана жактоочу жогорудагы 2 берене боюнча, ошондой эле кошумча дагы "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" беренеси менен айыпталууда.
Буга чейин Ички иштер министрлиги Бишкек шаардык сотунун мурдагы 3 судьясы жана прокурор кармалганын маалымдаган.
Алар Кумарбектин 2015-жылы жасаган кылмыш иши боюнча жазасын жеңилдетип жиберген деген негизде кармалышты. Тагыраагы, шектүү 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, анын күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2016-жылы Бишкек шаардык сотунда анын жаза мөөнөтү жеңилдетилген.
Айыпталып жаткан соттордун бири ошол кездеги чечим мыйзамдуу болгонун айтып келет. ИИМ 3 судья ошол кезде анын жазасын жеңилдетпегенде шектүү абакта болмоктугун жана Айсулуу анын курмандыгы болмок эмес деген маалымат берет. Бул шилтемеден толук окуй аласыз.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















