Депутаттыкка талапкер Акунованы жоопкерчиликке тартууга макулдук берилди
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Лира Акунованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилди.
Буга чейин Бишкек шаардык милициясы Акунованын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов добуш сатып иштерин уюштурууга шектелип, аларга издөө жарыяланганын билдирген.
БШКнын маалыматында Лира Акунова Салтанат Исманованы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып каттатканы көрсөтүлгөн. Акунова Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин №22 шайлоо окуругунан койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:44
2025-11-27
13:51
2025-11-27
12:48
2025-11-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















