super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Орусияга өттү

 

Орусия президенти Владимир Путин 2026-жылы өлкөнүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы төрагалыгы атайын ураан алдында өтөрүн жарыялады.

Анын айтымында, төрагалык мезгилинин негизги багыты "Көп уюлдуу дүйнөдөгү жамааттык коопсуздук: жалпы максат — бирдиктүү жоопкерчилик" деп белгиленди.

Путин бул ураан уюмга мүчө мамлекеттердин орток кызыкчылыктарын чагылдырганын айтып, аймактагы туруктуулукту сактоо үчүн биргелешкен аракеттерди күчөтүү маанилүү экенин баса белгиледи. Ал коопсуздук боюнча коркунучтар өзгөрүп жаткан глобалдык шартта өлкөлөрдүн координациясы өзгөчө зарыл экенин белгиледи.

Орусиянын лидери ЖККУнун кезектеги саммити 2026-жылы 11-ноябрда болорун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: