Бир адам каза болду. Бишкекте мас айдоочу жол чыракта турган унааны сүзүп кетти
Бишкекте бүгүн, 27-ноябрда жол кырсыгынан улам 38 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 00:54 чамасында Фрунзе жана Корсаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Mercedes-Benz унаасынын 23 жаштагы айдоочусу жол чырактын кызыл түсүндө токтоп турган Honda Civic үлгүсүндөгү унааны артынан сүзгөн.
Тилекке каршы, Honda Civic унаасынын 38 жаштагы айдоочусу кырсык болгон жерден каза болгон. Ал эми артынан сүзгөн айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жок экени жана кырсык болгон учурда мас абалда болгону аныкталды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Унаасы айып короого токтотулган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















