super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Таалатбек Масадыков ЖККУнун баш катчысы болуп дайындалды

 

Бишкекте өткөн саммитте Таалатбек Масадыков үч жылдык мөөнөткө ЖККУнун баш катчысы болуп дайындалды. Ал кызматка 1-январдан тарта киришет.

Учурдагы баш катчы Имангали Тасмагамбетов Масадыковдун коопсуздук тармагындагы тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилигинде ЖККУ динамикалуу өнүгөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Таалатбек Масадыков Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун жана Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн. Филология илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ. Ошондой эле Лондон экономика жана саясат мектебинде окуган. Ал 12 жылдан ашык убакыт БУУ системинде эмгектенген.

2021-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары, кийин президенттин атайын өкүлү болуп, 2024-жылдын январь айында ЖККУнун баш катчысынын орун басары болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: