Бир жаштагы наристе унаа жүрүп жатканда эшиктен түшүп кетип, каза болду
Москва облусунда бир жашар кыз унаадан кулап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, кыздын апасы рулда баратып алаксып кеткен, ошол учурда кыз унаанын эшигин ачып, кулап түшкөн. Натыйжада аны унаа тебелеп кеткен. Аял дароо унааны токтотуп, кызын сактап калууга аракет кылган, бирок кеч болуп калган.
Акыйкатчы унааларда балдардын коопсуздугунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледи. Ал баланын салмагына жана жашына ылайыктуу балдар отургучун колдонуу зарылдыгын, ошондой эле эшикти бекитүүчү функциянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Балдарга коопсуздук маселесинде эч кандай эркиндик берилбеши керектигин жана бардык жүргүнчүлөр, анын ичинде балдар, сапардын башынан эле белдик байлап, кармагыч системин колдонушу керектигин кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















