Чыгыш мушташ өнөрүнүн легендасы Брюс Ли 85 жыл мурда туулган. Ал тууралуу кызыктар

Чыгыш мушташ өнөрүнүн легендасы, кунг-фу чебери, актёр, кинорежиссёр Брюс Ли 1940-жылдын 27-ноябрында АКШнын Сан-Франциско шаарында кытайлык актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Брюс Ли Гонконгдо чоңойгон. Анын атасы Ли Хой Чуэн салттуу кытай театрынын актёру болгон. Брюс Ли бала кезинен баштап фильмдерге тартылып, жалпысынан 36 тасмада роль жараткан. Ал эми анын өзүнүн өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө 30га чукул фильм тартылган. ХХ кылымдын экинчи жарымында Европа өлкөлөрү менен АКШда чыгыш мушташ өнөрүнүн жылдызы катары кеңири таанылган. Кунг-фудан сырткары бокс жана дзюдо менен машыккан. Ал "Жит Кун-до" деген аталыштагы кунг-фунун өзүнүн стилин чыгарган.
Чыгармачылыгы
18 жашында ал АКШга көчүп келип, университетте философия факультетинде окуй баштаган. Дал ушул жерде Брюс өзүнүн окутуу методикасын түзүп, жеке мектебин ачып, Голливудга чейин жете алган. Брюс Ли 1970-жылдары дүйнөлүк жылдызга айланган. Согуш өнөрүнүн символуна, эрктин жана өзүн-өзү өнүктүрүүнүн үлгүсүнө айланды. Анын философиясы, фильмдери жана Jeet Kune Do системи дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдарга дем берет.
Анын эң белгилүү фильмдери:
• "The Big Boss" (1971-жылы тартылган)
• "Fist of Fury" (1972-жылы тартылган)
• "Way of the Dragon" (1972-жылы тартылган)
• "Enter the Dragon" (1973-жылы тартылган)

Үй-бүлөсү
Брюс Ли төрт бир туугандын үчүнчүсү болгон. Анын эки агасы, бир эжеси жана бир иниси болгон.
Чыгыш мушташ өнөрүнүн легендасы 1964-жылы Линда Эмма Кэдвэлл менен таанышып, ошол эле жылы алар үйлөнүшкөн. Линда Брюстун ишмердүүлүгүн, машыгуу методдору менен философиясын жайылтууга өмүр бою колдоо көрсөткөн. Жубайлар эки балалуу болушкан.
Анын 1965-жылы туулган Брэндон Ли аттуу баласы атасы сыяктуу актёр жана мушкер болуп өскөн. Ал "The Crow" фильмин тартуу учурунда кырсык болуп, 1993-жылы жаш курагында каза болгон. Анын өлүмү да атасынын өлүмү сыяктуу күтүүсүз жана дүйнө жүзүндө чоң таасир калтырган.
Ал эми Шеннон Ли аттуу кызы 1969-жылы төрөлгөн. Ал дагы актриса, продюсер жана Брюс Линин мурасын сактоонун башында турган адам. Ал "Bruce Lee Foundation" фондун жетектеп, атасынын философиясын, ыкмаларын жана тарыхын дүйнөгө жайылтууну улантууда.

Күтүүсүз каза болушу
Өмүрүнүн дээрлик бардыгын уруш искусствосуна жана өз тулку боюнун үстүнөн тыкыр иштөөгө сарптаган адам баш оорунун дарысынан өлүшү мүмкүнбү? 32 жашында бул жашоо менен кош айтышкан, көпчүлүктүн кумири болгон Брюс Линин өлүмү коомчулукта эмдигиче кайчы пикир, талкууларды жаратып келет.
1973-жылы 20-июль күнү гезиттердин биринин башкы бетине "Брюс Ли көз жумду!" деген макала чыкты. Окурмандар макаланын бул аталышын тасмада Брюс Ли жараткан каарман өлгөн экен деп маани деле беришкен эмес. Гезитти колго алып окугандар анын өлүмүнө ишене албай көпкө турушкан. Бир нече убакыттан кийин анын өлүмү расмий тастыкталган соң күйөрмандар дүрбөлөңгө түшө башташкан. Дүйнөдөгү күчтүү деген эркектердин бири, ден соолугунан эч күмөн жаратпаган актёрдун өлүмүн эч ким күткөн эмес болчу.
Ал өлгөндөн кийин анын өлүмүнүн версиялары коомчулукта тарай баштады. Расмий билдирүүлөргө караганда, Ли табигый өлүм, башкача айтканда, баш мээнин шишигинен каза тапкан. Мындан бир нече күн өтпөй ал киши колдуу болгону дагы айтыла баштаган.

27-ноябрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















