super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

УКМКнын Тоң райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды (сүрөт)

 
Бүгүн, 27-ноябрда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Тоң райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, облус башчысы Бакытбек Жетигенов, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги, УКМК ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.
Жаңы имарат толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Керектүү байланыштык каражаттар жана тармактык жабдуулар жайгашкан.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бөлүмчөнүн кызматкерлерин куттуктап, атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар тынымсыз жүрүп жаткандыгын белгиледи. Мындан улам, кызматкерлердин ишмердүүлүгү таза жана адилеттүү болуусу керек деген талап коюлду. Жемкорлук жана башка мыйзамсыз иштер менен күрөшүү, өзгөчө коопсуздук кызматкерлери арасында катуу көзөмөлгө алынары кошумчаланды.
Иш-чаранын соңунда Ташиев Тоң районунун жергиликтүү тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: