super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Beeline cынактын тарыхында Кыргызстандагы эң мыкты 1С-долбоорун ишке киргизди

 

Beeline Кыргызстан мамлекеттик уюлдук оператору 1С базасындагы эң маанилүү жана технологиялык долбоорлордун бирин ишке ашырды. Бул компанияга "1С: Жылдын долбоору" сынагынын тарыхында Кыргызстан үчүн биринчи сыйлыкты - "Эң мыкты улуттук долбоор" номинациясында жеңип алууга мүмкүндүк берди.

Сынактын тарыхында Кыргызстандан бир дагы долбоор жеңүүчү боло элек болчу. Beeline'дын ийгилиги Евразия мейкиндигинен быйылкы жылы көрсөтүлгөн 394 долбоордун арасынан өзгөчөлөнүп турду. Сыйлык тапшыруу аземи 20-ноябрда Москва шаарында 1С:ERP бизнес-форумунда өттү.

Beeline 1С:ERP FLEX платформасындагы бизнес-процесстерди башкаруунун бирдиктүү санариптик системасын масштабдуу түрдө ишке киргизгендиги үчүн белгиленди - бул өлкөдөгү биринчи ушундай ишке киргизүү болуп саналат. Долбоор AMEGA ITS менен биргеликте, 1Стин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашырылды жана санариптик жетилгендиктин жаңы деңгээлин көрсөттү.

Системаны толугу менен Beeline'дын ички IT-кызматы коштоп жүрөт, бул анын туруктуулугун, өнүгүүсүн жана көз карандысыздыгын камсыз кылат. Долбоорду ишке киргизүү компаниянын ESG-мамилесинин бир бөлүгү болуп калды жана кадрдык жол-жоболорду тездетүүгө, өнөктөштөр жана кардарлар менен өз ара аракеттенүүнү оптималдаштырууга, ошондой эле негизги процесстердин ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Санариптик трансформация багытын улантып, Beeline Кыргызстан заманбап технологияларды киргизип, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатып, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууда.

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: