super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кытайлык илимпоздор тамактын ачуу даамын билүү үчүн жасалма тил ойлоп табышты

 

Шанхай шаарында Чыгыш-Кытай илим жана технологиялар университетинин илимий тобу тамактын ачуу деңгээлин аныктай алган жасалма тилди сунушташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Бул түзүлүш кургак сүт, акрил кислотасы жана холин хлоридин аралашмасынан алынган жумшак гелден жасалган. Электр булагына туташтырылганда курамында хлор жана суутек иондору бар гель ток өткөрө баштайт.

Чили калемпиринин ачуу даамын камсыздаган капсаицин сүттөгү белоктор менен реакцияга киргенде гелдин ичиндеги иондордун жүрүшү бузулат да, материалдын электр өткөрүмдүүлүгү төмөндөйт. Дал ушундай физикалык өзгөчөлүк тамактын ачуу даражасын сандык түрдө өлчөө ыкмасынын негизин түзөт.

Сыноо учурунда жасалма тил сегиз түрдүү ачуу азыкты текшерип, ар бирине 0дөн 70ке чейинки көрсөткүч берди. Натыйжалар атайын даярдалган дегустаторлор берген баага дээрлик толук дал келди.

Бул технология тамак-аштын ачуу деңгээлин текшерүүчү портативдүү жабдууларда жана адамга окшош роботторду түзүүдө колдонулары айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: