Кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпиондугунун ачылышы болуп өттү (фото)
Бүгүн, 27-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча чемпиондугунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Иш-чарага Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев, ошондой эле балбандар менен күйөрмандар катышты.
Чемпиондукта эркектер 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96 жана +96 килограмм салмакта, ал эми кыз-келиндер 60, 66 жана +66 килограмм салмак даражаларында күч сынашууда.
"Мелдештин негизги максаты – кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлде өнүктүрүү, курама команданы түзүү, спортчулардын чеберчилигин арттыруу жана Дүйнөлүк жана Азия чемпиондуктарына талапкерлерди тандоо болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан I, II жана III даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















