"Чагымчылдыкка алдырбаш керек". Ташиев кытайлык жарандар боюнча пикирин айтты (видео)
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кеминдеги төрөт үйүнүн курулушун баштаган иш-чарада сөз сүйлөп, Кытай жарандары боюнча да пикирин билдирди.
Ташиев өлкөдө коңшу мамлекеттин жарандары көбөйгөнүн айтып, алар ишке ашып жаткан ири долбоорлорго жумушчу катары тартылганын белгиледи.
“Кытай жарандары виза менен киришет, алардын эмгек визасы 2 айдан 1 жылга чейин жарактуу болот. Ал эми туристтик визасы 14 күнгө созулат. Визасы бүткөндөн кийин аларды керектүү мамлекеттик органдар текшерип чыгарат. Жакында Бишкекте визасы бар Кытай жарандары менен кыргыздардын ортосунда жаңжал болгон. Алар жөн эле жүргөн кытайлык жарандар эмес. Алардын 14ү ээнбаштык кылганы үчүн камалды. Андан сырткары, алардын визасынын мөөнөтү бүткөн болсо, алар сөзсүз чыгарылат. Бардык чет элдиктер каттоодо турушат. Биздин эмгегибизди жокко чыгарган чагымчылдыкка алдырбаш керек. Биз да силер сыяктуу эле патриотпуз. Өлкөбүздү сүйөбүз, жерибизди баалайбыз. Кытай жарандары иштеп, куруп бүтүп кетишет",- деди Ташиев.
Ташиев кытай жарандары боюнча пикирин айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















