super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Францияда ыктыярдуу аскердик кызмат ишке кирет

 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон бүгүн, 27-ноябрда өлкөдө ыктыярдуу аскердик кызматтын киргизилерин жарыялады. Бул тууралуу BC News жазды.

Буга чейин сунушталган планга ылайык, ыктыярчылар 10 ай кызмат өтөп, атайын сыйлык алышат.

Макрон бир нече жолу маалымат каражаттарына берген маектеринде, ыктыярдуу кызматка келгендер Украинадагы согуш аймагына жөнөтүлбөй турганын баса белгилеген.

"Бул такыр башка нерсе, мунун Украинадагы согушка эч тиешеси жок", — дейт Франция президенти.

AFP агенттиги ыктыярдуу аскердик кызматтын биринчи жылында 2–3 миң адам кабыл алына турганын, ал эми убакыт өткөн сайын бул сан жылына 50 миңге чейин жетиши пландалып жатканын айтты.

Францияда 1997-жылга чейин армияга милдеттүү түрдө чакыруу болуп турган. 2001-жылга чейин жарандар альтернативдик жарандык кызматты да өтөй алышкан. Андан кийинки жылдары Франциянын куралдуу күчтөрү толугу менен кесипкөй аскерлерден калыптанган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: