Гонконгдо турак жай комплексинде чыккан өрттөн 55 адам каза тапты
Гонконгдогу Тай По турак жай комплексинде чыккан өрттөн каза болгондордун саны 55 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Кытайдын CCTV борбордук телеканалы билдирди.
Өрт чыккан турак жай комплекси тууралуу маалымат 26-ноябрда тараган. Associated Press агенттигинин билдиришинче, ал учурда 700гө жакын адам эвакуацияланып, убактылуу жайгаштыруу пункттарына жеткирилген.
Буга чейин Тай Подогу өрттөн каза болгондордун саны 44кө жеткени кабарланып, дагы 279 адам дайынсыз жоголгон деп айтылган. Маалыматтарга караганда, жети блоктун ичинен төртөө көзөмөлгө алынган, төмөнкү кабаттарда аман калгандарды издөө иштери уланууда.
Ошондой эле комплекстеги сегиз турак кварталы 2024-жылдын июль айынан бери ремонтто болгон, ал жерде бамбук курулуш тепкичтери жана коргоочу торлор орнотулганы айтылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















