super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте суу менен камсыздоо жана санитария боюнча форум өтүүдө (фото)

 

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарында быйылкы жылдагы негизги тармактык иш-чаралардын бири болгон "Туруктуу жана инновациялык кызматтар" аттуу темада 2025-жылкы суу менен камсыздоо жана санитария боюнча форум өтүүдө. Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, суу чарба ишканалары, эл аралык уюмдар жана адистер катышууда.

Аталган форум Кыргызстандагы суу секторунун туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл болгон системдик реформаларды жана инновацияларды талкуулоо үчүн аянтча болот.

Суу менен камсыздоо жана санитария сектору бүгүн олуттуу чакырыктарга туш болууда: эскирген тармактар, инвестициянын жетишсиздиги, климаттын өзгөрүшү жана сууну керектөөнүн өсүшү. Айыл жергесиндеги калктын 30 пайыздан ашыгы дагы эле коопсуз ичүүчү сууга чектелген жеткиликтүүлүккө ээ, ал эми инфраструктуранын чоң бөлүгү жаңылоого муктаж.

Форум бул маселелерди чечүүдө маанилүү кадам болуп, алдыдагы жылдарга тармактын өнүгүү приоритеттерин жана инструменттерин аныктоого багытталган.

“Акыркы жылдар биздин өлкөнүн суу сектору үчүн кеңири жана системдүү өзгөрүүлөрдүн мезгили болду. Президенттин саясаты, министрлер кабинетинин колдоосу жана мамлекеттик органдардын жүзөгө ашырган биргелешкен аракеттери менен биз чечимдерди ишке ашырып тармакты толук кандуу комплекстүү модернизациялоого өттүк.

Бүгүн чыныгы секирик жасалганын ишеним менен айтууга болот. 2026-жылга чейин ичүүчү суу менен камсыздоону жана канализацияны өнүктүрүү программасынын алкагында өлкөнүн 600дөн ашык калктуу конушунда жана 24 шаарында долбоорлор иштелип чыгып, курулуш иштери жүрүп жатат. Бул – сектордун жаңы тарыхындагы эң ири инфраструктуралык процесс болуп, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет”,- деди суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев.

Форумда мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү учурдагы милдеттерди, приоритеттерди жана суу кызматтарынын туруктуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгон реформаларды сунушташат.

Сессиялар келечектин технологияларына арналат: суу менен камсыздоону автоматташтыруу, интеллектуалдык башкаруу системалары, санариптик мониторинг платформалары жана суу жоготууларын азайтууга, кызматтардын сапатын жакшыртууга, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга багытталган инновациялар. Облустардан келген коммуналдык ишканалардын жетекчилери шаардык жана айылдык калктуу конуштардагы суу тутумдарын башкаруу боюнча реалдуу чакырыктар, жаралган маселелер жана ийгиликтүү тажрыйбалар тууралуу айтып беришет.

Форумдун соңунда Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти менен Раззаков атындагы КМТУ ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлат.

Форум Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурулуп, Кыргызстанда суу менен камсыздоо жана санитария тармагынын бирдиктүү өнүгүү стратегиясын түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: