Путин Москва Бишкекке орус тилин өнүктүрүүгө жардам берип жатканын билдирди
Орусия президенти Владимир Путин Москва Бишкекке орус тилин үйрөнүү жаатында жардам берип жатканын айтты. Ал өлкөдө орус тилдүү мектептердин ачылып жатканына токтолду.
"Сиздерге маалымдап кетейин, биз кыргыз жетекчилигине орус тилин өнүктүрүүгө жардам берип жатабыз. Бул жерде мектептерди ачабыз, ошондой эле жогорку билим берүү жаатында иш алып барабыз", — деди Путин журналисттерге.
Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйыны бүгүн, 27-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарында өттү. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары, тагыраагы, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын башчысы Владимир Путин жана Тажикстан мамлекет башчысы Эмомали Рахмон катышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















