Кытайда шимпанзе тамеки чеккени үчүн жазага тартылды (видео)
Кытайда шимпанзе тамеки чеккени үчүн жазага тартылды. Бул окуя Кытайдын Гуанси провинциясындагы Наньнин зоопаркында болгон. 15 жаштагы Диунаксин аттуу шимпанзе жерге ташталган тамеки калдыгын алып, аны чеккен видео социалдык тармакта тараган. Натыйжада ага жаза колдонулуп, кошумча тамак берилбей калган.
Зоопарк администрациясы буга чейин ал шимпанзени мурунку ээси тамеки жана спирт ичимдиги менен тааныштырып кеткенин тастыктады. Ээсинин өлүмүнөн кийин шимпанзе Кытайга көчүрүлүп, зоопарк кызматкерлери анын реабилитациясы менен алектенген.
Наньнин зоопаркы патрулду күчөтүп, мындай окуяларды алдын алуу үчүн кошумча камераларды орнотууну пландоодо.
Кытайда шимпанзеге тамеки тартканы үчүн жаза колдонулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:56
2025-11-27
17:08
2025-11-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















