"Биз аны силерге бербейбиз". Лукашенко Бакиевдин Минскте кантип жашап жатканын айтты (видео)
Беларус президенти Александр Лукашенко Бишкекте өткөн ЖККУ саммитинде журналисттерге Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин Минскте кантип жашап жатканы жөнүндө айтып берди.
"Бакиев жакшы жашап жатат. Биз аны силерге бербейбиз. Мен ага "Эч кайда барбайсың, Беларусияда жаша" дегем. Жакшы жашайт. Ал мени кээде конокко чакырганда барып турам. Ошондуктан биз аны силерге бербейбиз. Бирок ал өлкөсүн аябай сагынып жатат", - деди Лукашенко.
Беларус лидери ошондой эле Бакиев атасынын мүрзөсүнө баргысы келерин, бирок бул оңой эмес экенин айтты.
"Кыргыздар өздөрүнүн президентине атасынын мүрзөсүнө баруусуна мүмкүнчүлүк бербегени акылга сыйбаган нерсе. Мен бул маселени азыркы бийлик менен чечебиз деп ойлом", - деп билдирди ал.
Лукашенко Бакиевдин Минскте кантип жашап жатканын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:15
2025-11-27
16:38
2025-11-27
14:44
2025-11-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















