Путин: "Орусия Кыргызстанда чакан атомдук электр станциясын курууга даяр"
Орусия Кыргызстанда кубаттуулугу аз атомдук электр станциясын курууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу орус лидери Владимир Путин билдирди.
Анын айтымында, Орусия мындай технологияларды иш жүзүндө колдонуп жаткан жалгыз өлкө болуп саналат.
Путин белгилегендей, Москва менен Бишкектин эки тараптуу кызматташуусу бардык багытта активдүү өнүгүп жатат. Инвестиция тармагы, кен казуу, энергетика боюнча долбоорлор кеңейүүдө.
"Эске сала кетсем, Кыргызстан биздин ресурстарды эң төмөнкү баада жана тиешелүү бажы төлөмдөрү жок алып келүүдө. Бул биздин товарларды өлкө рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү кылат жана Кыргызстандын экономикасына жакшы жардам болуп берет. Бул – нефть, газ, бирок биз муну менен эле чектелбейбиз", — деди Владимир Путин.
Мындан тышкары ал Орусия жакынкы жылдары чакан жана жер үстүндөгү атомдук станцияларды курууга өтөрүн да эске салды. Анын айтымында, алдыдагы жылдары Сибирде, Уралда жана Ыраакы Чыгышта 38 жаңы энергетикалык блок ишке берилет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















