super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Венесуэла “терроризм” боюнча алты авиакомпанияны айыптап, лицензияларын кайтарып алды

 

Венесуэла бир нече авиакомпанияларды "АКШ өкмөтү колдогон мамлекеттик терроризм актыларына катышкан" деп айыптап, лицензияларын артка кайтарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Венесуэланын Улуттук жарандык авиация институту социалдык тармактарда билдиргендей, өлкөдө учууга уруксат берген лицензиялар Turkish Airlines, Португалиянын TAP, Испаниянын Iberia, Колумбиянын Avianca, Чилинин LATAM жана Бразилиянын GOL Linhas Aereas авиакомпанияларынан алынган. Бул компаниялар буга чейин Венесуэлага каттамдарды токтотуп турушкан. Буга АКШнын Жарандык авиация федералдык башкармалыгы аймактагы аскердик активдүүлүк өсүп жатканына байланыштуу Венесуэла аймагынан учпоого кеңеш бергени себеп болгон.

Сентябрдан тартып Венесуэлада глобалдык спутниктик навигация системасынын ишинде үзгүлтүктөр көп катталууда.

Ошондой эле сентябрдан бери АКШ Кариб деңизинде венесуэлалык кемелерге үзгүлтүксүз сокку уруп, аларды баңгизаттарын ташууга айыптоодо. Бул соккулардан ондогон адам каза тапкан. Венесуэла президенти Николас Мадуро бул операцияны мыйзамсыз деп атап, АКШны өлкөдөгү бийликти кулатууга аракет кылып жатат деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: