super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров узатып... Путиндин өлкөдөгү мамлекеттик сапары аяктады (видео)

 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы үч күндүк мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Орус лидерин "Манас" аэропортунан өлкө башчы Садыр Жапаров узатты.

"Владимир Путин Бишкектен чыгып кетти. “Манас” аэропортунда аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров узатты", — деп айтылды Кремлдин сайтында.

Видеодон байкалгандай, Жапаров Путинди учакка чейин узатып, экөө кол алышып, кыскача сүйлөшүштү.

Эске салсак, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйыны бүгүн, 27-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарында өттү. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары, тагыраагы, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын башчысы Владимир Путин жана Тажикстан мамлекет башчысы Эмомали Рахмон катышты.

Владимир Путин Бишкекке 25-ноябрда үч күндүк мамлекеттик сапары менен келген.







Путиндин Кыргызстандагы расмий сапары аяктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: