Жапаров Гонконгдогу өрттөн адамдардын каза болгонуна байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда президенттин сайтында жарыяланды.
“Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунда болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат телеграммада.
Эске салсак, Гонконгдогу Тай По турак жай комплексинде чыккан өрттөн каза болгондордун саны 55 адамга жетти. Маалыматтарга караганда, жети блоктун ичинен төртөө көзөмөлгө алынган, төмөнкү кабаттарда аман калгандарды издөө иштери уланууда.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















