Дрон менен тартылган видео... Бишкектеги таштанды заводу ишке киргизилди
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Бишкектеги таштанды заводу ишке киргизилгенин билдирди.
Ал расмий ачылышы жакында болорун белгиледи.
"Бишкектеги таштанды полигону дээрлик 50 жылдан ашуун убакыттан бери, СССР мезгилинен бери толуп, күйүп-түтөп, шаарды каптаган экологиялык чоң көйгөй болуп келген. Ал жерде темир-тезек чогулткан адамдар ар кандай илдеттерге кабылып, таштандылардан учкан желим баштыктар айлана-тегеректеги талааларды каптап, карга-кузгун мекендеген жагымсыз аймакка айланган эле.
Президенттин тапшырмасы менен бул маселени чечүү иштери алгач полигондо күйүп-түтөп жаткан өрттү толук өчүрүүдөн башталды. Андан соң таштандылар топурак менен көмүлүп, рекультивация жүргүзүлүп, бак-дарактар отургузулду. Кийинки этапта таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу тапшырмасы коюлуп, буюрса, заводдун курулушу толук аяктап, азыр ишке киргизилди. Жакын арада расмий ачылышы болот.
Бишкек шаарында суткасына болжол менен 1000 тоннадай таштанды чогулат. Заводдун күнүнө 1200 тонна таштандыны кайра иштетүү кубаттуулугу бар. Ал эми таштандыны кайра иштетүүнүн натыйжасында 30 мегаватт электр энергиясы өндүрүлөт. Күйгүзүлгөн таштандылардын калдыгы болгон күлдөн курулуш материалдары чыгарылат.
Ошентип, Бишкек шаарында таштандыларды толугу менен жок кылып, анын калдыктарын да курулуш материалына айланткан заманбап завод курулуп бүттү. Мындай завод эми башка ири шаарларда дагы курулат. Мамлекетибизде мына ушундай жакшы иштер, алдыга жылуулар болуп жатат",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Бишкектеги таштанды заводу ишке кирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:00
2025-11-28
20:10
2025-11-27
17:15
2025-11-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















