Бардыгын бириктирген байланыш: Beeline бүт Кыргызстан боюнча тармагын өнүктүрүүдө

Beeline мамлекеттик уюлдук оператору абоненттерди дагы да ылдам мобилдик интернет жана туруктуу байланыш менен камсыз кылып, тармагын жигердүү жакшыртып жана жаңылап жатат. Кереметтүү күн, ачык аба ырайы жайбаракат сейилдөөгө, конокко барууга жана Кыргызстандын кооз жерлерине саякаттоого шыктандырат. Кайсы жерде болсоңуз да, Beeline байланышта болууга жардам берет: таасирлериңиз менен бөлүшүп, жакындарыңыз менен баарлашуудан ырахат алып жана маанилүү учурда онлайн болуңуз.
Уюлдук байланыш үзгүлтүккө учурабашы үчүн, Beeline тынымсыз тармакты жакшыртуу жана кеңейтүү боюнча иш алып барууда. Компания өлкө боюнча, борбордон түштүк аймактарга чейин жаңы базалык станцияларды курууда.
Өткөн айда Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында жаңы базалык станциялар орнотулду. Ар бир жаңы объект абоненттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, ошондо аларга жакындарына чалуу, интернетти колдонуу жана чоң санариптик дүйнөнүн бир бөлүгү болуу алыскы аймактарда да жеңил жана ыңгайлуу болот.
Ошондой эле Beeline ири шаарларда да, чакан калктуу конуштарда да учурдагы базалык станцияларды пландуу түрдө жаңылап жатат. Бул аракеттердин аркасында интернет ылдамыраак, байланыш туруктуураак, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулайт.
Тармактын өнүгүшүнө инвестиция салуу менен Beeline Кыргызстандын келечегине салым кошууда. Бул жөн гана байланыш эмес — бул санариптик теңсиздикти жоюу, онлайн кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, билим берүүнү жана экономиканы колдоо, жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу. Beeline өлкөнүн жана коомдун жыргалчылыгы үчүн иштеп, тармакты бекемдөөнү жана кеңейтүүнү улантууда.
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















