"Тазалыктын" кызматкери күйүп жаткан унааны өчүрдү (видео)
Бишкектин көчөлөрүнүн биринде жеңил унаа күйүп кетип, өрттү өчүрүүгө “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жардам беришкен. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Өрт унаа жүрүп баратканда чыккан. Ошол маалда "Тазалык" ишканасынын көчөлөрдөгү дарактарды сугарып, жууп жүргөн унаасы өрттү өчүрүүгө жардам берген. Бактыга жараша унаадан чыккан өрттү өчүрүүгө жетишкен.
Кырсыктан жабыр тарткандар катталган эмес. Ал эми унаадагы өрттүн чыгуу себептери белгисиз.
Бишкекте жолдо күйүп жаткан унаа "Тазалык" кызматкерлеринин жардамы менен өчүрүлдү (видео 24кж)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:00
2025-11-28
20:10
2025-11-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















