Бишкекте мыйзамсыз медициналык клиникалар жана дары-дармектер аныкталды
Бишкекте мыйзамсыз иштеген медициналык жеке клиникалар жана дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, борбордогу жеке медициналык клиникалардын бирин текшерүү учурунда ар түрдүү медициналык дары-дармектер жана буюмдар, анын ичинде баштапкы документтери жок медициналык жабдуулар табылган. Ошондой эле аталган клиника ишмердүүлүгүн салыктык каттоосуз жана тиешелүү лицензиясыз жүргүзүп келгени аныкталган.
Мындан тышкары, фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиясыз жүргүзгөн жеке ишкерге таандык кампадан медициналык буюмдар реестрине киргизилбеген медициналык дары-дармектер табылган. Текшерүү учурунда дары-дармектердин кутуларына "медициналык буюм" деген оригиналдуу марканын үстүнөн "косметикалык каражат" деген этикеткалар чапталгандыгы да белгилүү болгон.
Натыйжада тиешелүү актылар түзүлүп, жалпы суммасы 5,2 миллион сом калдык алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















