super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод электр энергиясын өндүрө баштады (видео)

 
Бишкекте курулуп бүткөн таштандыларды кайра иштетүүчү завод электр энергиясын өндүрө баштады. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда процесс башталып, өндүрүлгөн электр энергиясы электр тармактарына кошулган. Азырынча завод 3,5 мегаватт электр энергиясын берип жатат, кечке чейин 18 мегаватка жетери күтүлүүдө. Ал эми толук кандуу ишке киргенден кийин 30 мегаватт кубаттуулукта электр энергиясын берет.
"Ошентип 50 жылдан бери түтөп жаткан таштанды полигонунан кутулдук. Эми таштандыларды заводдо өрттөп, андан электр энергиясын өндүрүп, калдыктарынан курулуш материалын чыгарабыз. Завод түтөбөйт, бир аз гана буу чыгып, ал дагы жок болуп кетет. Экологияга зыяны жок, эң акыркы заманбап ыкмалар колдонулуп курулган",- деди Орунбеков.
Ошондой эле Бишкекте 1 суткада 1000 тоннага жакын таштанды чогулса, бул завод суткасына 1200 тонна таштандыны жок кылуу кубаттуулугуна ээ экенин кошумчалаган.





Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод электр энергиясын өндүрө баштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: