super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Кара Кызыл Сары" фильминин оператору эл аралык сыйлыкка ээ болду

 
Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында өндүрүлгөн режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" көркөм тасмасындагы мыкты оператордук иши үчүн оператор Талант Акынбеков Евразия киноакадемиясынын эң жогорку сыйлыгы - "Алмаз Көпөлөк" менен сыйланды. Бул тууралуу "Кыргызфильм" билдирди.
Маалыматка ылайык, Евразия киноакадемиясынын сыйлыгына арналган алгачкы салтанаттуу азем кечээ, 27-ноябрда Москва шаарында өтүп, кино тармагындагы жаңы эл аралык сыйлык расмий түрдө тапшырылды.
Евразия киноакадемиясынын сыйлыгы быйыл негизделип, Батыштын идеологиялык талаптарына көз каранды эмес, өз алдынча маданий кино платформасы катары жарыяланды. Бул тууралуу 2025-жылдын апрель айында Орусиянын маданият министри Ольга Любимова жана Орусия Кинематографисттер союзунун төрагасы, режиссёр Никита Михалков билдиришкен.
Мыкты оператор номинациясында жеңишке жеткен Талант Акынбековго сыйлыктын статуэткасын режиссёр Клим Шипенко тапшырды. Сахнада Талант мырза бул сыйлыгын атасына - атактуу совет жана кыргыз сүрөтчүсү Мэлс Акынбековго арнады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: