"Жайлоого чыгып кетишиңер керек". Аткаминердин айтканы кызуу талкуу жаратты
Социалдык тармактарда курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулунун айткан сөзү кызуу талкууга алынууда. Анын Бишкек шаарынын кир абасынан тажагандарга киргизген сунушу көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты.
Иманакун уулу "Кабар" агенттигине маек берип жатып, "таза абада дем алып, кенен баса турган болсоң, сени эч ким кармабайт. Айылга барып, жайлоого чыгып кетишиң керек да" деген.
Ал шаардагы жүрө турган реновацияга каршы болгон жергиликтүү кеңештин депутаттары бар экенин, алар эгер реновация иштери жүрсө, тыгын маселеси курчуй турганын жүйө келтирип жатышканын айткан. Министрдин орун басары бирок буга макул эместигин белгилеп, кайсы өлкөнүн борбор шаары болбосун тыгын маселеси болорун билдирип, Пекинди мисал кылган.
Андан соң Иманакун уулу борбордогу көйгөйлөрдөн тажагандарды кармаган эч ким жок экенин кошумчалаган.
Аткаминердин айтканы кызуу талкуу жаратты
0

Супер-Инфо
super.kg видео















