Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак айылында мектептин курулушу башталды
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак айылында №1 Фрунзе атындагы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 184 миллион сомду түздү.
Башкы план боюнча объекттин жалпы аянты 2944 чарчы метрди түзгөн, эки кабаттуу имараттан турат. Мектепте негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, кыздар, балдар үчүн эмгек класстары, жыйын жана спорт залдары заманбап шарттары менен каралат.
Курулуш иштери Турак жай жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө, учурда пайдубалы куюлду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:00
2025-11-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















