БШК депутаттыкка талапкер 2 адамга жана 1 үгүтчүгө айып пул салды
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер 2 адамга жана талапкерлердин биринин ар-намысына шек келтирген 1 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузушканы үчүн №3 шайлоо округунан талапкер Жаныбек Аматов 20 миң сом айып пулга жыгылса, №8 шайлоо округунан талапкер Бакыт Тентишевге 7500 сом айып коюлган. Биринчиси мечитте шайлоочулар менен жолугушса, экинчиси социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үгүт иштеринин талаптарын бузган материалдарды жайгаштырган.
Ошондой эле Асыл Кожомкулова аттуу жаран Facebook баракчасында талапкер Кубанычбек Самаковдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды чыгарганы үчүн 12 500 сом айыпка жыгылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:21
2025-12-18
21:20
2025-12-17
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















