"Ипотекалык үйлөр сапатсыз курулуп жатат". Компания дооматтарга жооп берди (видео)
Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушу сапатсыз болуп жатат деген видео социалдык тармактарда тараган. Бул дооматтарга компания төмөндөгүдөй жооп кайтарды:
"Социалдык тармактарда белгисиз адам таратып жаткан Ынтымак конушундагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу боюнча дооматтар толугу менен жалган экенин расмий билдиребиз.
Видеодо айтылган айыптоолор — фактыларга дал келбеген, курулуш процессин атайылап бурмалаган каралоо аракеттери. Курулуп жаткан объект толугу менен мамлекеттик көзөмөлдө. Долбоорго техникалык өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу айрым терезелер жаңы бекитилген талаптар боюнча демонтаждалып, кайра орнотулууда. Бул кемчилик эмес, пландагы жаңыртууга байланыштуу жүргүзүлгөн техникалык иш.
Бүгүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин тиешелүү адистери аталган курулушта текшерүү иштерин жүргүздү. Бетондун сапатына лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп, бетон 96 пайыз жогору деңгээлде экендиги тастыкталды. “Кыйшык куюлган”, “кыйшык коюлган” деген сөздөр чыныгы абалга дал келбейт.
Бул жалган видеону тараткан аккаунт буга чейин да мамлекеттик курулуштарга шек келтирген маалыматтарды чыгарып жүргөнү белгилүү.
Мамлекет административдик жана социалдык маанидеги курулуштарды тыкыр көзөмөлдөп, сапат жана коопсуздук талаптарынын толук аткарылышын камсыз кылууда.
Коомчулукту такталбаган видеолорго ишенбөөгө чакырабыз: белгиленген объектиде эч кандай кемчилик жок, тынчсызданууга негиз жок", - деп берилет маалыматта.
Ипотекалык үйлөр сапатсыз курулуп жатат дегендерге компания жооп кайтарды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Marsel
29.11.2025. 22:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лапша жакшы илишет экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















